Новости 13:20 21.04.2026
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН ПРОФОРИЕНТАЦИЯЛЫК ИШТЕР
2026-жылдын 16-апрелинде профориентациялык иштердин алкагында Экономика жана сервистин колледжинин окуу иштери боюнча бөлүм башчысы жана М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун» биринчи курсунун студенттери Чүй облусунун Ысык-Ата районуна барышты.
Сапардын жүрүшүндө университеттин өкүлдөрү Ч. Айтматов атындагы орто жалпы билим берүү мектебине жана О. Лайлиев атындагы Кен-Булуң орто жалпы билим берүү мектебине барышты.
Жолугушуунун алкагында болочок абитуриенттерге окуу жайдын ишмердүүлүгү кеңири тааныштырылды. Аларга билим берүү багыттары, адистиктер, кабыл алуу шарттары жана университетте окуунун артыкчылыктары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле студенттик жашоо, илимий ишмердүүлүк, практика өтөө мүмкүнчүлүктөрү, ар кандай иш-чараларга, сынактарга жана долбоорлорго катышуу тууралуу да маалыматтар сунушталды.
Жолугушуунун аягында окуучуларга маалыматтык материалдар жана буклеттер таратылып, алардын кызыкчылыктары менен жөндөмдөрүн эске алуу менен келечектеги кесипти тандоо боюнча сунуштар берилди.
latest_news
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН ПРОФОРИЕНТАЦИЯЛЫК ИШТЕР
13:20 21.04.2026
Прохождение академической мобильности ППС кафедры ЭММи ЦТ...
14:35 20.04.2026
ЖОЖдор үчүн мамлекеттик тилдеги окуу китептеринин бет ачары өттү...
10:50 20.04.2026