Новости 16:55 12.03.2026
Кыргыз коомунун өнүгүүсүндөгү даанышмандардын ролу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 30-январындагы №24-1026 тапшырмасына ылайык, “Кыргыз коомунун өнүгүүсүндөгү даанышмандардын ролу” темасында семинар-тренинг өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – кыргыз элинин тарыхына, маданиятына, илимине жана мамлекеттүүлүгүнө чоң салым кошкон даанышман инсандардын ролун таанытуу, ошондой эле жаштардын улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттыруу жана мекенчилдик сезимин күчөтүү болду.
Семинар-тренингде кыргыз коомунун өнүгүүсүнө салым кошкон белгилүү агартуучулар, тарыхчылар, мамлекеттик ишмерлер, музыканттар жана композиторлор тууралуу кеңири маалыматтар айтылды. Катышуучулар белгилүү агартуучулар Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Хусейин Карасаев сыяктуу инсандардын билим берүү тармагындагы эмгектерин талкуулашты.
Ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына салым кошкон улуттук интеллигенция өкүлдөрү — И. Айдарбеков, Ж. Абдрахманов, А. Орозбеков, И. Арабаев, Т. Токбаев, К. Тыныстанов, Т. Айтматов жана башка көрүнүктүү инсандардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар берилди.
Мындан тышкары, кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон белгилүү композиторлор жана музыканттар А. Малдыбаев, Н. Давлесов, М. Күрөңкеев, М. Абдраев, Токтогул Сатылганов, Карамолдо Орозов, Ы. Туманов, А. Огомбаев жана башка залкарлардын чыгармачылыгы тууралуу да сөз болду.
Семинарда ошондой эле кыргыз жана дүйнө тарыхын изилдөөгө чоң салым кошкон белгилүү тарыхчылар Токторбек Өмүрбеков, Анварбек Хасанов, Бейшенбек уулу Ысакбек, Шайыркүл Батырбаева сыяктуу илимпоздордун эмгектери тууралуу маалыматтар айтылды.
Иш-чара жандуу талкуу форматында өтүп, катышуучулар өз ойлорун билдирип, пикир алышуу жүргүзүштү.
Жыйынтыгында, бул семинар-тренинг студенттердин улуттук тарыхка, маданиятка жана улуу инсандардын мурасына болгон кызыгуусун арттырып, алардын көкүрөгүндө адилеттүүлүк, абийирдүүлүк, боорукердик жана мекенчилдик сыяктуу баалуулуктарды калыптандырууга багытталды.
latest_news
Кыргыз коомунун өнүгүүсүндөгү даанышмандардын ролу
16:55 12.03.2026
«БРЕЙНШТОРМ III»: акыл жана идея таймашы
14:30 12.03.2026