banner

КЭУда 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата концерттик иш-чара өткөрүлдү

Новости 09:50 09.03.2026

КЭУда 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата концерттик иш-чара өткөрүлдү

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата чакан концерттик иш-чара уюштурулду.

Майрамдык иш-чарага университеттин ректору  Гулназ Тынаевна Супаева жана профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты. Концерттик программада студенттер тарабынан даярдалган ырлар, бийлер жана айымдарга арналган куттуктоолор тартууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин жетекчилиги окуу жайда эмгектенип жаткан айымдарды майрамы менен куттуктап, алардын билим берүү тармагындагы эмгегин жана коомдогу ордун өзгөчө белгиледи.

Майрамдык концерт жылуу жана жагымдуу маанайда өтүп, катышуучуларга жакшы маанай тартуулады.

Telegram