Алкадыров Муканбет, экономика илимдеринин кандидаты (1979),  доцент (1980).
      Нарын облусунун Кочкор районундагы, Шамшы айылында 1942 - жылы туулган. 1968 жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бутургон. 1974-1977 жылдары Москвадагы Тимирязев атындагы айыл – чарба академиясында аспирантурада окуп, Москвадагы Ломоносов атындагы мамлекеттик университетте кандидаттык диссертацияны жактап, сонунан доценттик дипломдун ээси болгон. 1969- жылдан 1993- жылга чейин Кыргыз айыл чарба институнда ассистент, доцент, 1985-1990 жылдары Айыл чарба экономикасы кафедрасынын башчысы, 1995-жылдан бери М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде окутуучу, андан кийин жаны ачылгын экономико-юридикалык факультеттин деканы, сырттан окуу факультетинин деканы. Акыркы жылдары Туризм жана ишкердик кафедрадасында профессордук кызматта. Советтик армиянын ага лейтенанты.
Алган сыйлыктары:
      СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун атынан берилген медалы, Эл агартуунун отличниги, Кыргыз мамлекеттик университеттин 60 жылдыгына карата берилген тош белгиси. 75 илимий эмгек чыгарган, анын ичинен 3 илимий китеп.