banner

Экономика жана сервис колледжинде заманбап спорт аянтчасы жана воркаут зонасы ачылды

Новости 15:15 23.06.2026

Экономика жана сервис колледжинде заманбап спорт аянтчасы жана воркаут зонасы ачылды

2026-жылдын 22-июнунда «М. Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИУУнун алдындагы Экономика жана сервис колледжинде жаңыдан курулган заманбап спорт аянтчасы жана воркаут зонасынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Аталган спорттук инфратүзүм студенттердин сергек жашоо образын калыптандырууга, дене тарбиясын өнүктүрүүгө жана жаштардын бош убактысын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүү максатында ишке берилди. Аталаган демилге келечек муунду ар тараптуу тарбиялоодо, алардын ден соолугун чыңдоодо жана спортко болгон кызыгуусун арттырууда өзгөчө мааниге ээ.

Иш-чарага «Бакай Банк» ААКнын өкүлдөрү, «М. Рыскулбеков атындагы КЭУ» ИИУнун жана Экономика жана сервис колледжинин жамааты, окутуучулар курамы,  студенттер катышып, жаңы спорттук объекттин ачылышына күбө болушту.

Аталган долбоордун алкагында воркаут зонасы Medcenter.kg клиникасынын демөөрчүлүгү менен, ал эми спорттук аянтча «Бакай Банк» ААКнын колдоосу аркылуу курулуп, пайдаланууга берилди. Бул демилге билим берүү мекемелериндеги спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, окуучулардын сергек жашоо образын калыптандырууга жана жаштар арасында спортту жайылтууга багытталган маанилүү социалдык долбоорлордун бири болуп саналат.

КЭУ ИИУнун ректору Супаева Г. Т. жана колледж директору Узбекова Г. А. демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, жаңы спорт аянтчасы студенттердин сергек жашоо образын калыптандырууга жана спортко болгон кызыгуусун арттырууга багытталган маанилүү инфратүзүм катары кызмат кыларын белгилешти.

Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларга маданий жана жагымдуу атмосфера тартууланды.

Telegram