banner

III Кыргыз-Өзбек ректорлор форумунда “М. Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУнун стартап-долбоору көрсөтүлдү

Новости 14:50 31.07.2026

III Кыргыз-Өзбек ректорлор форумунда “М. Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУнун стартап-долбоору көрсөтүлдү

2026-жылдын 29-июлунда «Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгү: кызматташуунун инновациялык моделдери, академиялык интеграция жана жогорку билим берүү, илим жана инновацияларды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү» аттуу III Кыргыз-Өзбекстан жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунун алкагында студенттик стартап-долбоорлордун көргөзмөсү өткөрүлдү.

Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын 10 жогорку окуу жайынан тандалып алынган мыкты студенттик стартап-долбоорлор катышып, санариптик технологиялар, жасалма интеллект, билим берүү, саламаттык сактоо, агротехнология, экология, өнөр жай жана социалдык ишкердик багыттарындагы инновациялык чечимдер сунушталды.

М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун атынан «TazaDem»  инновациялык стартап-долбоору сунушталды. Долбоор Бишкек шаарындагы абанын булганышын азайтуу жана көмүр менен жылытуучу мештерден чыккан зыяндуу түтүндү тазалоо максатында иштелип чыккан.

«TazaDem» – жеке турак жайлардын морлоруна орнотулуучу электростатикалык чыпка. Ал түтүндөгү майда чаң бөлүкчөлөрүн (PM2.5 жана PM10), көөнү жана башка зыяндуу заттарды кармап калуу аркылуу атмосферага бөлүнүп чыккан булгоочу заттардын көлөмүн олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берет.

Учурда долбоордун прототиби даярдалып, анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча инженердик сыноолор жүргүзүлүүдө. Стартаптын илимий-изилдөө иштери, прототипти иштеп чыгуу жана сыноо иштери "М. Рыскулбеков атындагы КЭУ" ИИУнун  базасында жүргүзүлүп жатат.

«TazaDem» экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ата мекендик инновациялык долбоор катары абанын сапатын жакшыртууга жана өлкөдөгү туруктуу экологиялык өнүгүүгө салым кошууну көздөйт.

 

Telegram