Новости 13:30 30.07.2026
КЭУ ИИУнун ректору Гүлназ Супаева Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форумуна катышты
2026-жылдын 29-июлунда Ысык-Көл облусунда «Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгү: кызматташуунун инновациялык моделдери, академиялык интеграция жана жогорку билим берүүнү, илимди жана инновацияларды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү» аттуу темада Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму болуп өттү.
Форум Өзбекстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарына даярдык көрүүнүн алкагында уюштурулуп, ага эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Иш-чарага “М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору Гүлназ Супаева катышып, жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык интеграцияны өнүктүрүү жана университеттер аралык стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча талкууларга активдүү катышты.
Форумдун алкагында пленардык жыйын өтүп, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумдарга жана келишимдерге кол коюлду. Ошондой эле студенттик стартаптардын көргөзмөсү уюштурулуп, билим берүү, илим жана бизнес интеграциясы, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен билим берүү программалары жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү маселелерине арналган панелдик сессиялар өткөрүлдү.
Мындай эл аралык форумдар университеттер ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө, тажрыйба алмашууга, биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. “М. Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУ эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде өз ордун бекемдөөгө багытталган демилгелерди мындан ары да ырааттуу колдоону улантат.