banner

Кыргыз коомунун өнүгүшүндөгү даанышман Ишеналы Арабаевдин ролу

Новости 16:00 13.03.2026

Кыргыз коомунун өнүгүшүндөгү даанышман Ишеналы Арабаевдин ролу

2026-жылдын 13-мартында М. Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруунун алкагында Мамлекеттик, расмий жана чет тил кафедрасынын окутуучулары Зайнидинова Г. Ш. жана Шайлообек кызы Ж. “Кыргыз коомунун өнүгүшүндөгү даанышман Ишеналы Арабаевдин ролу” темасында квиз-викторина уюштурушту.

Иш-чарага ЮР-3-4-25, КМ-1-25, МТ-1-25, ЭПз-1-25, МО-1-25, МБ-1-24, ЮРк-2-25, ГМУ-1-25, МЛ-1-25 тайпаларынын студенттери катышты. Студенттер Ишеналы Арабаев тууралуу алган маалыматтарын бышыктоодо заманбап Kahoot системасын колдонушту. Квиз-викторина форматы студенттердин чоң кызыгуусун жаратты жана активдүү катышуусу менен өттү.

Иш-чаранын негизги максаты – “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу доктринасында белгиленгендей, улуттук баалуулуктарды сактоо, коомдук аң-сезимди өнүктүрүү жана улуттук идеологияны жаштар арасында жайылтуу болду. Окутуучулар жана студенттер кыргыз коомундагы даанышман инсандардын тарыхый ролун талкуулап, алардын өнүгүүгө кошкон салымдарын эскеришти. Өзгөчө басым Ишеналы Арабаевдин инсандыгына жана эмгегине бурулду.

Иш-чарада XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башындагы тарыхый мезгил, Улуу Октябрь революциясына чейинки кыргыз элинин абалы жана улуттук агартуунун башталышы тууралуу маалыматтар берилди. Ал мезгилде сабаттуулук өтө төмөн болчу. Ошол шартта Ишеналы Арабаев кыргыз алфавитин түзүп, “Кыргыз алип-бээси” аттуу биринчи окуу китебин жазган.

Интерактивдүү сабактар жаштардын улуттук аң-сезимин көтөрүүдө, мекенчилдикке тарбиялоодо жана улуттук идеологияны жайылтууда эффективдүү курал катары бааланды.

Telegram