banner

Кыргыз тили сабагында студенттер арасында актуалдуу дебат өттү

Новости 17:30 13.03.2026

Кыргыз тили сабагында студенттер арасында актуалдуу дебат өттү

Биздин Юр-1-25 тобунда кыргыз тили сабагында «Конституция — идеологиялык документ» деген темада дебат өткөрүлдү. Бул дебаттын негизги максаты студенттердин Конституция тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү, мамлекеттин уңгуу жолу менен байланышын талкуулоо жана кыргыз тилинде өз оюн так, туура жана эркин жеткирүүгө үйрөнүү болду.

Дебат учурунда Конституция мамлекеттин негизги мыйзамы гана эмес, ошол эле учурда мамлекеттин өнүгүүсүнүн уңгу жолун аныктаган маанилүү документ экендиги айтылды. Уңгуу жол — бул мамлекеттин негизги багыты, анын баалуулуктары жана коомдун өнүгүү принциптери болуп саналат. Конституция дал ушул баалуулуктарды жана принциптерди бекемдеп, мамлекеттин келечектеги багытын көрсөтөт.

Талкуу учурунда студенттер ар кандай суроолорду талдап чыгышты. Мисалы:
— Конституция эмне үчүн идеологиялык документ деп аталат?
— Конституция мамлекеттин өнүгүү жолун кантип аныктайт?
— Конституциянын укуктук жана идеологиялык ролу кандай айырмаланат?
— Конституция коомдун баалуулуктарын кандайча чагылдырат?
— Мамлекеттин уңгу жолу Конституция аркылуу кантип бекемделет?

Бул суроолордун негизинде студенттер өз ойлорун айтып, аргументтерди келтиришти. Айрым студенттер Конституция биринчи кезекте укуктук документ экенин айтып, анын негизги милдети коомдогу мамилелерди мыйзам аркылуу жөнгө салуу экенин белгилешти. Алар Конституция бардык мыйзамдардын негизи болуп эсептелерин жана мамлекеттик бийликтин ишмердигин аныктай турганын түшүндүрүштү.

Башка студенттер болсо Конституция идеологиялык мааниге да ээ экенин айтышты. Алардын пикири боюнча, Конституция мамлекеттин негизги баалуулуктарын — демократияны, адам укуктарын, эркиндикти жана адилеттүүлүктү бекемдейт. Ошондой эле ал коомдун идеалдарын жана максаттарын көрсөтүп, мамлекеттин уңгуу жолун аныктайт.

Бул дебат кыргыз тили сабагы менен да тыгыз байланышта болду. Студенттер кыргыз тилинде өз ойлорун так жана түшүнүктүү айтып берүүгө аракет кылышты. Ар бир катышуучу өзүнүн оюн далилдер менен түшүндүрүп, кыргыз тилинин сөз байлыгын колдонууга аракет жасады. Бул студенттердин сүйлөө маданиятын жакшыртууга, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана мамлекеттик тилде эркин сүйлөөгө жардам берди.

Дебаттын жүрүшүндө Конституция мамлекеттин саясий жана укуктук системасынын негизин түзөрү белгиленди. Ал жарандардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт, мамлекеттик бийликтин түзүлүшүн белгилейт жана коомдун туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзөт. Ушул жагынан алганда Конституция мамлекеттин уңгу жолун көрсөтүп турган негизги документ болуп саналат.

Бул дебат студенттер үчүн абдан пайдалуу болду. Ал Конституциянын маанисин терең түшүнүүгө, укуктук билимди кеңейтүүгө жана кыргыз тилинде эркин сүйлөөгө жардам берди. Мындай сабактар студенттердин ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттырат.

Telegram