banner

КЭУ студенттеринин Улуу Жеңиш күнүнө карата илимий-тажрыйбалык конференциядагы ийгилиги

Новости 16:50 15.05.2023

КЭУ студенттеринин Улуу Жеңиш күнүнө карата илимий-тажрыйбалык конференциядагы ийгилиги

Өткөн тарыхты эскерүү, согуш мезгилинде билим берүүнүн абалы, агартуучулардын эмгектери, котормо ишинин абалы, согуш мезгилиндеги акын-жазуучулардын чыгармаларын изилдөө максатында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультети 2023-жылдын 20-апрелинде «Кыргыз адабияты, котормо иши жана билим берүүсү Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында» аттуу ЖОЖдор аралык студенттердин илимий-тажрыйбалык конференциясын өткөрүштү.

Бул студенттик илимий-тажрыйбалык конференцияга М.Рыскулбеков атындагы мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын окутуучулары жигердүү катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.

М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун доценти, п.и.к. Жапаралиева Назира Жакыповнанын илимий жетекчилиги алдында төмөндөгү студенттер байгелүү орундарга ээ болушту.

  • Элзаирбекова Азиза - Информатика бизнеси адистигинин 2- курсунун студенти.

«Ч. Айтматовдун "Жамийла" повестиндеги согуш менен сүйүүнүн айкалышы» аттуу темадагы баяндамасы менен катышып, I-даражадагы ДИПЛОМ менен сыйланды.

Бекташова Нуриза Информатика бизнеси адистигинин 2- курсунун студенти.

Тема: "Саманчынын жолу" чыгармасындагы алаамат согуштун Толгонайдын образы аркылуу чагылдырылышы.

-Асан кызы Уулкан Тышкы экономикалык ишмердүүлүк адистигинин 2- курсунун студенти.

Тема: "Бетме-Бет" чыгармасындагы алаамат согуштун Ысмайыл жана Сейденин образы аркылуу чагылдырылышы деген темада баяндама жасашып, сертификаттарга ээ болушту.

Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын ага окутуучусу Каримова Бурулкан Абдырахмановнанын илимий жетекчилиги алдында II-даражадагы жана III-даражадагы ДИПЛОМдор менен төмөнкү студенттер ээ болушту.

Султангазиева Айдай, «Экономика» багыты 2-курстун студенти. Темасы: «Улуу Ата Мекендик согуш темасы А.Осмоновдун чыгармачылыгында»,  Келдибекова Айзирек, М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУ, «Экономика» багыты 2-курстун студенти. Темасы: «Улуу Ата Мекендик согуш жараткан муң-кайгыны чагылдырган кыргыз поэзиясы».

Кафедранын ага окутуучусу Аминова Б.И. даярдаган МБ-1-22 тайпасынын студенттери: Жолдошева Аделя, Коконов Бусурман, Сабырбекова Адиналар

сертификаттарга ээ болушту. Ал эми илимий жетекчилерине сертификат тапшырылды.

Конференцияга төмөндөгүдөй багыттар боюнча секциялык иштер мерчемделген:

  • Секция 1. Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы кыргыз адабияты, котормо иши жана билим берүүсү;
  • Секция 2. Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы акын-жазуучулардын чыгармачылыгы, котормо адабият  жана агартуучулардын  ишмердүүлүгү;
  • Секция 3. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги кыргыз элинин патриоттук ырлары;
  • Секция 4. Кыргыз профессионал адабиятында согуш темасынын чагылдырылышы;
  • Секция 5.Улуу Ата Мекендик согуш мезгили жана искусство өкүлдөрү;