
Новости 15:00 29.05.2025
КЭУ эксперттик диалогду чыңдоону улантууда: улуттук экономиканын актуалдуу чакырыктары жана келечеги талкууланды
2025-жылдын 28-майында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде Экономика илимий-изилдөө институтунун (ЭИИ) алдында түзүлгөн Дискуссиялык клубдун жыйыны болуп өттү. Жыйындын темасы: «Улуттук экономиканын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору» болду.
Иш-чаранын максаты — Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып жаткан негизги факторлорду талкуулоо үчүн эксперттик аянтча түзүү жана аларды жоюу боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу болгон.
Жыйынга көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, эл аралык уюмдардын (БУУ, БУУӨП, БУУнун БКП, ФАО), илимий чөйрөнүн, ишкер чөйрөнүн жана аналитикалык борборлордун өкүлдөрү катышты.
Чакырылган спикерлердин катарында — Амангелди Муралиев, Темир Сариев, Шамиль Атаханов, Бактыгүл Жеенбаева, Элдар Абакиров, Абдил Аманбаев, Чоро Сейитов, Исхакдер Асылкулов, Мэлс Саякбаев, Марат Кулумбетов, Юй Ман Су, Каныбек Орузбаев, Богдат Талиев, Равшан Рахим уулу жана башкалар болду.
Талкууда төмөнкү багыттар камтылды:
- экономикалык өсүштүн стратегиялык чектөөлөрү (чийки затка багытталып калуу, өндүрүмдүүлүктүн төмөндүгү, импортко көз карандылык);
- өнөр жай жана агрардык секторлорду өнүктүрүү маселеси;
- инвестициялык климатты жакшыртуу;
- бюджеттик жана салык саясатынын натыйжалуулугу;
- административдик-аймактык реформалар жана региондук өнүгүү.
Иш-чаранын жыйынтыгында мамлекеттик органдар, илимий жана ишкер чөйрө үчүн сунуштар иштелип чыкты. Алар ЭИИ тарабынан 2025-жылдын экинчи жарымына пландалган илимий изилдөөлөрдүн негизин түзөт.
М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети өлкө экономикасын өнүктүрүүгө туруктуу чечимдерди иштеп чыгуу жана эксперттик диалогду чыңдоо боюнча ишин улантат.
latest_news

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025

Во главе угла - экономика!
14:00 04.06.2025