banner

Кыргызстандан жаш илимпоз Астанадан жеңиш менен кайтты

Новости 10:05 27.04.2025

Кыргызстандан жаш илимпоз Астанадан жеңиш менен кайтты

   Казакстандын Астана шаарында өткөн Жаштар форумунда М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун аспиранты Индира Куралбекова «Жылдын мыкты жаш илимпозу» наамына ээ болду. 

    Ал экономика боюнча кандидаттык диссертациясын жазып, кайра жаралуучу энергия булактары жана жашыл экономика тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Энергетикалык коопсуздук, туруктуу өнүгүү жана экологиялык балансты сактоо маселелери боюнча инновациялык изилдөөсү үчүн Индира National Academy of Scientific and Innovative Research эл аралык конкурсуна катышып, биринчи орунду жеңип алды.
       Индира Куралбекованы бул жогорку сыйлык менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.
Илимий ишмердүүлүгүндө дагы да чоң ийгиликтерди жана эл аралык деңгээлдеги жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!

Telegram