
Новости 12:45 02.12.2024
КЭУ ИИУнун окутуучулары Моквадагы эл аралык конференцияга катышты
2024-жылдын 29-30-ноябрында Россия Федерациясынын Москва шаарындагы Мамлекеттик башкаруу университетинде (МБУ) “Евразиялык тармактык университеттин” илимий-билим берүү консорциумуна кирген университеттердин жаш окумуштуулары, окутуучулары, аспиранттары жана магистрлери үчүн “Евразиялык интеграция: экономикалык өсүү жолунда” деген темада конференция болуп өттү. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинен “Евразиялык интеграция: туруктуу өнүгүү жолунда” секциясына жана “Маркетингдик парадигмаларды өнүктүрүү: методологияны трансформациялоо” пленардык талкууга баяндамалар жана долбоорлор менен КЭУ ИИУ ОМБнын башчысы Сурамбаева А.Т., аспиранттар Бөкөнбаева А.К., Гордюшина Е.В. активдүү катышышты. Конференциянын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
latest_news

Наши студенты — среди лучших в области менеджмента! ...
11:20 28.04.2025

Ректор НИУ КЭУ прочитал лекцию для студентов Университета Обуда...
10:05 28.04.2025

Молодые лидеры НИУ КЭУ: достижения на Евразийском форуме...
16:30 27.04.2025