
Новости 16:00 20.08.2024
КЭУ ИИУнун ректору Ысык-Көлдө өткөн кыргыз-орус билим жарманкесине катышты
2024-жылдын, 19-август күнү, Муса Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун ректору Алмаз Кадыралиев Август кеңешмесинин алкагында Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы “Дельфин” пансионатында билим берүү тармагындагы инновациялык жетишкендиктер боюнча өткөн кыргыз-орус жарманкесине катышты.
Иш чарага Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын билим берүү министрлигинин жетекчилери, Россиянын билим берүү жана илимий уюмдарынын 150дөн ашуун өкүлдөрү катышты.
Жарманкенин негизги темалары санариптештирүү, виртуалдык реалдуулук жана жасалма интеллект аркылуу педагогдорду окутуу жана кайра даярдоо болуп саналат. Жарманке Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында уюштурулуп, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
КЭУ социалдык тармакта. Фото-отчет.
latest_news

Наши студенты — среди лучших в области менеджмента! ...
11:20 28.04.2025

Ректор НИУ КЭУ прочитал лекцию для студентов Университета Обуда...
10:05 28.04.2025

Молодые лидеры НИУ КЭУ: достижения на Евразийском форуме...
16:30 27.04.2025