
Новости 13:25 19.03.2024
«Керектөөчүлөр үчүн адилет жана жоопкерчиликтүү жасалма интеллект"
2024-жылдын 14-мартында Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде(КЭУ ИИУ), Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө жана Кара-кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдыгына арналган «Керектөөчүлөр үчүн адилет жана жоопкерчиликтүү жасалма интеллект" урааны алдында Республикалык илимий-практикалык тегерек стол болуп өттү.
Аны “Товар таануу, бажы экспертизасы жана ресторан бизнеси”, “Коммерция жана маркетинг” кафедралары уюштурду.
Иш чарада Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери актуалдуу масалелер боюнча маалымат берди.
Кереге маекте М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУ, К. И. Скрябин атындагы КУАУ, Жусуп Баласагын атындагы КУУ, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жана И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттери мугалимдеринин илимий жетекчилиги астында актуалдуу темаларга баяндама жасашты.
КЭУ соц.тармакта.
latest_news

Наши студенты — среди лучших в области менеджмента! ...
11:20 28.04.2025

Ректор НИУ КЭУ прочитал лекцию для студентов Университета Обуда...
10:05 28.04.2025

Молодые лидеры НИУ КЭУ: достижения на Евразийском форуме...
16:30 27.04.2025