
Новости 13:20 10.03.2025
УНИВЕРСИТЕТТЕР АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУ
2025-жылдын 27-февралында «М.Рыскулбеков атындагы КЭУ» ИИУнун студенттери Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин гуманитардык факультетине караштуу А.Ч. Какеев атындагы философия жана дин таануу кафедрасы тарабынан уюштурулган «Философия, саясат таануу жана дин таануунун актуалдуу көйгөйлөрү» деген темада университеттер аралык конференцияга катышты.
Конференцияда саясий илимдердин кандидаты, философия жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Юрий Владимирович Ли илимий жетекчилиги астында төмөндөгү илимий докладдар менен катышышты:
Масалиева Сайкал (БД-1-24) “Философия жол кесилишинде: 21-кылымда модернизация керекпи?” деген темада;
Капаров Нурислам (КМ-1-24) “Аскердик прогресс, бизди жок кыла алабы?”;
Инаркиев Ричард (БД-1-24) “Көп полярдуу дүйнөнүн өнүгүү тенденциялары жана геосаясий атаандаштык”.
Студенттер жогорку децгээлде даярдангандыгын керсетушуп, азыркы этапта философиялык проблемаларды талкуулоого активдуу катышышты. Активдүү катышкандыгы жана тиешелүү баяндамалары үчүн студенттерге сертификаттар тапшырылды.
latest_news

Наши студенты — среди лучших в области менеджмента! ...
11:20 28.04.2025

Ректор НИУ КЭУ прочитал лекцию для студентов Университета Обуда...
10:05 28.04.2025

Молодые лидеры НИУ КЭУ: достижения на Евразийском форуме...
16:30 27.04.2025