
Новости 13:20 30.01.2025
КЭУ ИИУда УКМК өкүлдөрү: коррупцияга каршы иш-чара
М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде (КЭУ ИИУ) Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде жана жаңы кабыл алынган мыйзамдын алкагында коррупцияга каршы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — коррупциянын терс кесепеттерин түшүндүрүү, укуктук аң-сезимди жогорулатуу жана студенттерди адилеттүү, калыс коомдук позицияны карманууга үндөө болду.
Чогулушта университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлери жана колледж жетекчилери катышышты.
УКМКнын өкүлдөрү жаңы мыйзамдардын талаптары, мамлекеттин коррупцияга каршы күрөшүү чаралары жана мыйзамдык жоопкерчиликтер тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле жарандардын бул багыттагы активдүү катышуусунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
КЭУнун ректору Алмаз Токтобекович Кадыралиев сөз сүйлөп, окуу жайда бул багытта иштер тынымсыз жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө мугалимдер жана катышуучулар УКМК өкүлүнө суроолорун узатып, пикир алмашуу болду.
Бул иш-чара студенттердин укуктук билимин тереңдетүүгө жана коррупцияга каршы күрөштө активдүү жарандык позициясын калыптандырууга багытталды.
latest_news

Наши студенты — среди лучших в области менеджмента! ...
11:20 28.04.2025

Ректор НИУ КЭУ прочитал лекцию для студентов Университета Обуда...
10:05 28.04.2025

Молодые лидеры НИУ КЭУ: достижения на Евразийском форуме...
16:30 27.04.2025