
Новости 09:00 23.02.2024
Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоо
Урматтуу кесиптештер, биздин сүйүктүү студенттерибиз!
Сиздерди– Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул күн биздин мекенибиздин коопсуздугун, бакубатчылыгын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон эрдиктин, берилгендиктин жана жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн эске салат.
Ушул өзгөчө күнү мен бардык Ата Мекенди коргоочуларга жана келечекте Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошо турган биздин студенттерге терең ыраазычылык билдирип, шыктануу жана оптимизм каалайм.
Эр жүрөк адамдардын бул майрамы бейпил жана кубанычтуу болушуна чын жүрөгүмдөн тилектешмин!
Үй-бүлөңүздөрдө жана жүрөгүңүздөрдө тынчтык, асманыбыз ачык болсун!
Майрамыңыздар менен!
“Муса Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУнун ректору А.Т. Кадыралиев
latest_news

Наши студенты — среди лучших в области менеджмента! ...
11:20 28.04.2025

Ректор НИУ КЭУ прочитал лекцию для студентов Университета Обуда...
10:05 28.04.2025

Молодые лидеры НИУ КЭУ: достижения на Евразийском форуме...
16:30 27.04.2025