
Новости 10:15 22.03.2023
КЭУда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди
Майрамдык иш-чараны ардактуу ректор Камчыбеков Т.К. куттуктоо сөзү менен ачып берди. Салт боюнча аластоо жөрөлгөсүн Мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасынын ага окутуучусу Аминова Бурул өткөрдү.
КЭУ да Нооруз шарапаты 20-мартта сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү менен башталган. КЭУнун үзгүлтүксүз билим берүү институту(ИНОО)уюштурган майрамдык иш-чарага КЭУ карамагындагы лицей, Экономика жана сервис колледжи, А.Токтоналиев атындагы БФЭТи катышты.
21-мартта майрам шаңы аталган мекемелердин студент, мугалимдеринин катышуусунда ыр-бий менен коштолду. Ноорузду улуттук кийими менен кызматкерлердин парады өзгөчө көрккө бөлөдү. Андан тышкары иш чаранын алкагында университеттин кызматкерлеринин арасында аркан тартыш жана ордо боюнча мелдеш уюштурулуп, жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлеген катышуучулар диплом жана акчалай белектер менен сыйланды.
Университеттин спорт аянтчасында Дүйнөлүк ден соолук азыктарынын жарманкеси “Альфа”, “Гамма”, “Бета”, “Дельта” жана “Каппа” студенттик бирикмелери тарабынан даярдалды.
КЭУ да болуп өткөн Нооруз көңүлдүү маанайда майрамдык түштөнүү менен жыйынтыкталды.
Иш чарадан сүрөттөр соц.тармактагы баракчабызда.
latest_news

Наши студенты — среди лучших в области менеджмента! ...
11:20 28.04.2025

Ректор НИУ КЭУ прочитал лекцию для студентов Университета Обуда...
10:05 28.04.2025

Молодые лидеры НИУ КЭУ: достижения на Евразийском форуме...
16:30 27.04.2025