banner

КЭУда “Улуттар аралык достук” темасындагы эне тил фестивалы өттү

Новости 14:05 21.02.2024

КЭУда “Улуттар аралык достук” темасындагы эне тил фестивалы өттү

2024-жылдын 20-февралында М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы тарабынан 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата, мамлекеттик тилдин мыйзамдарын аткаруу максатында, КР Президентинин №270-жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №182/1-буйругунун негизинде “Улуттар аралык достук” темасындагы эне тил фестивалы уюштурулуп, университеттин жыйындар залында өткөрүлдү.

          Иш-чаранын максаты: Эне тилибиздин бүгүнкү абалын талкуулоо, ар улуттуу өлкөбүздөгү ынтымакты, толлеранттуулукту чыңдоо, ошондой эле, студенттерге жайылтууга арналды.

Фестивалга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча  улуттук  комиссиянын  алдындагы Окуу-маалыматтык  жана котормо борборунун директору, ф.и.к., доцент Жумакадырова Карлыгач Мамбетжумаевна, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси Г.Ү.Ибраимова конок катары катышты.

          Фестивалдын жүрүшүндө Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы Эне тил күнүнө арналган видео-роликтердин, эсселердин топтому тартууласа, С.А.Сулайманбеков атындагы Финансы жана каржы технологиялары кафедрасы Өзбекстан мамлекетинин, Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасы Кытай мамлекетинин, Ж. Т. Чубурова атындагы Туризм, меймандостук жана айлана-чөйрө кафедрасы Корей мамлекетинин,  Экономика жана эл аралык экономикалык мамилелер кафедрасы Түркмөнстан мамлекетинин Санариптик экономика жана программалоо кафедрасы Кыргыз мамлекетинин, Товар таануу, товар эксперттөө жана ресторан бизнеси кафедрасы Уйгур диаспорасынын, Экономика-математикалык усулдар жана статистика кафедрасы Түркия мамлекетинин, Колдонмо экономика жана менеджмент кафедрасы Азербайжан мамлекетинин  Эл аралык финансы жана экономикалык коопсуздук кафедрасы Балкар диаспорасынын, Бизнес жана укук кафедрасы,  Татарстан мамлекетинин, Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасы Казак мамлекетинин, Банк ишмердүүлүгү жана баалуу кагаздар рыногу кафедрасы, Россия Федерациясынын, М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун Экономика жана сервис колледжи, лицей Испан мамлекетинин мамлекеттик тилинде презентацияларды тартуулап, ошол мамлекеттердин маданияты, өнөрү менен тааныштырды.

Фестивалдын жыйынтыгында кафедраларга ыраазычылык кат тапшырылып, катышкан студенттерге мактоо баракчалары берилди.

Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы

 

КЭУ социалдык тармакта!