banner

“Эн мыкты инвестиция - билимге жумшалган каражат”

Новости 14:25 19.02.2024

“Эн мыкты инвестиция - билимге жумшалган каражат”

2024-жылдын 16-февралында “М.Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУнун Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын ага окутуучусу Каримова Бурулкан Абдырахмановна, лицейдин окутуучусу Осмоналиева Гульнара Шайлобаевна, ЭБ-1-22, Т-1-22 тобунун студенттери Медербекова Гүлзада, Аширбекова Нурсезим, Орозбаева Чолпон, Акжолтоева Наргиза Бишкек шаарындагы № 100 жалпы билим берүүчү орто мектебинин 9,11-классынын бүтүрүүчүлөрү менен “Эн мыкты инвестиция - билимге жумшалган каражат” деген темада кесиптик багыттоо ишин жүргүзүп келишти.

Окуучуларга “М.Рыскулбеков атындагы КЭУ” илимий-изилдөө университетинин тарыхый басып өткөн жолу, республикабызда негизги экономикалык окуу жай экендиги, экономика багытында финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, экономикалык коопсуздук, эл аралык финансы тармактары, ошондой эле туризм, бизнес-информатика, товарды эксперттөө жана ресторандык бизнес, менеджмент боюнча заманбап адистерди даярдап, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө зор салымын кошуп жаткандыгы айтылды. Андан ары башка ЖОЖдорго салыштырмалуу КЭУ ИИУнун артыкчылыктарына токтолуп, университетте студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгү белгиленди.

Студенттик күндөрдү эсте каларлык жана пайдалуу өткөрүү менен бирге татыктуу билим алуу үчүн окуу жайыбызга тапшыруу жаркын келечекке айкын жол экендигине басым жасалды.

КЭУ социалдык тармакта!